Мамлекеттик спорт мектептерге берилүүчү акча көбөйтүлөт

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мамлекеттик спорт мектептерине көңүл бурулбай калганын айтып, ага бөлүнүүчү каржылык көлөмдүн суммасын көтөрүүнү сунуштады. Депутат бул маселени 25-декабрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Спорт жана физкультура департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов 2024-жылдын бюджетинде каражатты көбөйтүү маселеси каралганын депутаттарга маалымдады:

«Мурунку жылдары спорттук мектептерге жылына 50-100 миң сомдон 300 миң сомго чейин берилип келген экен. Биз ошону көбөйтүүгө аракет кылып, бюджеттин өлчөмүн да арттырууну өтүндүк».

Айбек Абдымомуновдун маалыматына караганда, спорт мектептери үчүн 2024-жылга 1 млрд 900 млн сом бөлүү каралган.

Учурда Кыргызстанда 57 мамлекеттик спорттук мектеби бар.