Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында кийинки жылы 3 миңден ашык батирлүү турак-жайлардын курулушу аяктайт

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында кийинки жылы 3 миңден ашык батирлүү турак-жайлардын курулушу аяктайт. Үйлөр мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары үчүн курулууда, — деп билдиришти Мамлекеттик ипотекалык уюмдан.

 

Компаниядан белгилешкендей, бул турак-жайлар башка үйлөргө салыштырмалуу арзаныраак болот.

 

Андан тышкары, 2024-жылы уюм өлкөнүн бардык аймактарында үйлөрдү куруп баштайт.