Ордо калаада өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн 5 миң 400 абоненттин жарыгы эртең аралыктан өчүрүлүшү мүмкүн.
Бишкек электр тармактар ишканасы жаңы жылда жарыксыз калбоо үчүн турмуш-тиричилик абоненттерин электр энергияга карызды өз убагындоо төлөөгө чакырат. Бересени почта бөлүмдөрүндө, кезек күтпөстөн терминалдар, электрондук капчыктар аркылуу дагы төлөсө болот.