Кыргызстанда сууда калкып иштеген күн электр станциясы пайда болот. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, пилоттук долбоорду “Чакан ГЭС” ишке ашырат.
Каражатты гранттык негизде Азиялык өнүктүрүү банкы бөлүп берген. Станция ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнинде орун алат. Бүгүнкү күнгө карата негизги жабдууларды орнотуу, трнсформатордук подстанцияга коштуруу жана кабелдерди тартуу иштери аткарылды.