Энергетиктер кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Энергетиктер кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, мындай чара кыргызстандыктарды Жаңы жыл түнү жана андан кийинки эс алуу күндөрүндө үзгүлтүксүз жарык менен камсыздоо максатында кабыл алынды.

 

Компания жетекчилигинин, бөлүм башчыларынын жана жооптуу адистердин нөөмөтү уюштурулду.

 

Андан тышкары, энерго объектилерди кайтаруу күчөтүлдү. Кандайдыр бир авариялык учурларда жарандар 105 жана 1209 кыска номерлерине чалса болот.