Бишкек аймагы дээрлик 3 эсе чоңоет

Бишкек аймагы дээрлик 3 эсе чоңоет. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

 

Анын айтымында, акыркы сунуштарга ылайык, ордо калаа аймагы 12 миң 900 гектардан дээрлик 38 миң гектарга чейин кеңейет.

 

Бишкекке 8 айыл өкмөтү жана айрым айыл аймактары кошулат. Мэр белгилегендей, тиешелүү жарлыкка президент кол коюшу керек.