Кыргызстанда чет өлкөлүк 1 миң 975 жаранга “санариптик көчмөн” макамы берилди

Кыргызстанда чет өлкөлүк 1 миң 975 жаранга “санариптик көчмөн” макамы берилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, статусту алууга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын жана Россиянын жарандары арыз бере алат.

 

“Санариптик көчмөн” макамы анимация, графикалык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш алып барган чет элдик адистерге берилет. Алар Кыргызстанда бир жыл иштөөгө уруксат алып, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат.