Бишкекте эртең, 29-декабрдан тарта №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет

Бишкекте эртең, 29-декабрдан тарта №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет. Мэриядан билдиришкендей, линияга 25 транспорт кое берилет. Алар 8-10 мүнөттүк аралык менен жүрөт.

 

Каттамдын баштапкы аялдамасы – “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы, акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы.