Өлкөнүн ашууларында жолдор унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн ашууларында жолдор унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жолчулар тынбай иштеп, трассаларды кардан тазалап, инерттүү материал себилип жатат.

 

Тоолуу райондор аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочулар этият болуп, жол эрежелерин жана тиешелүү    500 метрлик аралыкты сактап жүрүшү керек. Жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат.