Бишкекте балдар бейтапканасы ачылды

Female doctor listens to the heart with stethoscope

Бишкекте балдар бейтапканасы ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мекеме Манас проспектисинде жайгашат. Оорукана башка үй-бүлөлүк медициналык борборлордой эле иштейт.

 

Дарыгерлер күн сайын эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин кабыл алат.

 

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар жайылса, эс алуу күндөрү дагы нөөмөт уюштурулат. Педиатр адистеринен тышкары бул жерде логопед, ортопед, хирург жана невропатолог бар. Бейтапкана толук кандуу 2-январдан тарта иштеп баштайт.