Майыптыгы барларды баккан адамдар салыктан бошотулушу күтүлүүдө

Кыргызстанда майыптыгы барларды баккан адамдар патент түрүндөгү салыктан бошотулушу күтүлүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда кабыл алынды.   Документке ылайык, жеке көмөкчүлөр салыктан 2024-жылдын 1-январынан тартып бошотулат.

Караколдо IT академия ачылат

Караколдо IT академиясы ачылат жана Каракол шаарында республикалык IT форум өтөт. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.   Аталган академия Жогорку технологиялар паркы менен биргелешкен долбоор болот.   IT форумду 2024-жылдын февраль айында өткөрүү пландалууда.

Быйыл Кыргызстанга Кытай эң көп инвестиция салды

Быйыл Кыргызстанга Кытай эң көп инвестиция салды.   Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Жалын Жээналиев билдиргендей, январдан сентябрга чейин өлкөгө түз чет элдик инвестициянын көлөмү 654 миллион доллардан ашты. Анын ичинен Кытайдан дээрлик 158 миллион доллар инвестиция тартылса, Россиядан 131 млн доллардан ашык, Казакстандан… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек-Ош жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолдорунда кардын эриши күтүлөт.   Бул жолдордо жүргөндө айдоочулар жол кыймылынын бардык эрежелерин так сактап, унаалар ортосунда 500 метр аралыкты чектеши керек.

Бишкекте күрөш боюнча эркектер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча эркектер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Турнир 8-11-январь аралыгында Спорт ордосунда болот.   Жалпысынан 20 комплект медаль ойнотулат.   Чемпионаттын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы түзүлүп, алар эл аралык турнирлерге катышат.

Кыргызстанда 1 миң орундуу балдарды реабилитациялоо борбору курулат

Кыргызстанда 1 миң орундуу балдарды реабилитациялоо борбору курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.   Анын айтымына караганда, учурда долбоорду иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө. Бирок борбор өлкөнүн кайсы аймагына салынарын ачыктаган жок.    

Тарых, археологиялык-этнографиялык изилдөөлөргө 600 млн сом бөлүндү

Министрлер кабинети Кыргызстандын тарыхын жана археологиялык-этнографиялык изилдөөлөргө 600 млн сом бөлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасына жарыялады. Анын жазганына караганда, президенттин “Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Министрлер… Кененирээк…