Кыргызстанга вакцина сактоо үчүн 11 муздаткыч камера жеткирилди

Кыргызстанга вакцина сактоо үчүн 11 муздаткыч камера жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Жабдуулардын жалпы баасы 35 миллион сомдон ашат.

 

Каражатты эл аралык уюмдардын бири бөлүп берген. Муздаткыч камералар Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарына орнотулат.