Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 10 миллиард кубометрге түшүп калды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 10 миллиард кубометрге түшүп калды. Маалымат “Электр станциялар” сайтында жарыяланды. Компания маалыматына ылайык, резервуарга суу секундасына 171 куб деңгээлинде агып кирсе, чыгымы дээрлик 4 эсе жогору болуп, 681 кубка теңелүүдө.   Белгилеп кетсек, Токтогул суу сактагычында декабрь… Кененирээк…

Бишкекте аскердик тик учактын кыйрашынан 1 адам каза тапты, сегизөө жабыркады

Бишкекте аскердик тик учактын кыйрашынан 1 адам каза тапты, сегизөө жабыркады.   Абалдары канаттандырарлык, тиешелүү дарылануу алышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.   Ведомство маалыматына ылайык, бүгүн күндүзгү саат 10:55те «Фрунзе — 1» авиабазасында окуу-машыгуулардын учурунда Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Окуянын чоо-жайы такталууда.

Бишкекте аскердик тик учак кулады

Бишкекте аскердик тик учак кулады. Бул тууралуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат 10:55те «Фрунзе — 1» авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз. Кошумча маалымат берилет, — деп айтылат маалыматта.

Жети-Өгүз районунда футбол аянтчасы ачылды

Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.   Жалпы аянты 1000,8 чарчы метрди түзгөн курулуштун тендердик баасы 4 млн 349 миң сомду түзгөн.   Ал эми курулуш иштери 2023-жылдын күзүндө башталган.

Бишкектен Ошко каттамдар жанданды

Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.   Эске салсак, кечээ аба ырайына байланыштуу Ош шаарына аткарыла турган авиакаттамдар кармалган.

Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду.   Муниципалитеттен билиришкендей, ага карата Бишкек шаардык сотунун чечиминин көчүрмөсү келип түшкөн. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы Улан Уезбаев жогоруда айтылган департаменттин директору болуп 2023-жылдын ноябрында дайындалганын, дайындоо учурунда Биринчи… Кененирээк…

«Жашыл мурас». Өлкө боюнча 7,5 млн ашык көчөт отургузулду

«Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында республика боюнча 7 млн 572 миң кɵчɵт отургузулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинен билдиришти.   Эске салсак, 2022-жылдын 1-мартында президенттин жарлыгынын негизинде өкмөттүн Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасы бекитилген. Анын… Кененирээк…

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп Турдубек Момоконов дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Буга чейин Турдубек Момоконов Талас шаарындагы Салымбеков Бизнес мектебинин жетекчиси болуп эмгектенип келген. Эмгек жолун 1997-жылы Талас районуна караштуу Хан-Бүргө орто мектебинде мугалимдик кесиптен баштаган.

Чүйдүн Айкөл жаңы конушунда акылдуу эсептегичтер орнотулууда

Чүйдүн Айкөл жаңы конушунда акылдуу эсептегичтер орнотулууда.   Аламүдүн райондук электр тармактар ишканасы тарабынан бүгүнкү күндө 2 миң 100 жабдык орнотулуп бүттү. Жалпысынан жаңы конушка 3 миң 600 акылдуу эсептегич коюлат.   Бул иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт.