Нарында кар көчкү мал-жандыкты басып калды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, 16-январда, саат 17:00 чамасында Нарын районундагы Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжолдуу 5000 метр куб кар көчкү түшкөн.

Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 баш бодо малды көчкү алдында калган. Мындан тышкары кыштоого каттоочу жол да жабылган.

Куткаруу жана кар көчкүнү тазалоо иштерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу, жергиликтуү тургундардан 75 адам тартылып жол тазаланган.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетенин адам жабыркаган эмес.

ӨКМ 17-18-январь күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу , Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертүүдө.

Тоолуу аймактардагы жолдордо автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

16-январь күнү Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда бир нече жерде кар көчкү түшүп, жол жабылган. Ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная-Горка – Акташ жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылган. 17-январга карата кар көчкү тазаланып, жолдор ачылган.