Энергетика министрлигине жаңы орун басар дайындалды
Насипбек Керимов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.