Бишкектин четинде тик учактын кыйрашы боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө

Бишкектин четинде тик учактын кыйрашы боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, Абадан коргонуу күчтөрүнүн айрым кызматтык жактары убактылуу ээлеген кызматынан бошотулду.

 

Ведомстводон белгилешкендей, бул адилеттүү иликтөө үчүн кабыл алынган чара. Эске салсак, окутуу-машыгуу учурунда бүгүн аскердик тик учак кыйрады. Андагы 10 адам жабыркап, бир аскар каза тапты.