Футбол боюнча эл аралык федерация өткөн жылдын мыкты дарбазачысын аныктады.
Наам бразилиялык голкипер Эдерсон Мораеске тапшырылды. Өткөн сезондо ал “Манчестер Ситинин” курамында – Премьер-лиганы, Чемпиондор лигасын жана Азия кубогун багындырды.
Андан тышкары, бул сыйлыкка марокколук дарбазачы Ясин Буну жана бельгиялык Тибо Куртуа дагы көрсөтүлгөн.