Азия Кубогундагы алгачкы беттешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Тайландга 0:2 эсебинде жеңилип калды.
Оюн Катардын Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өттү. Беттештеги эки голду Тайланддын чабуулчусу Супачай Чайдет киргизди.
Кубок үчүн Кыргызстан курамасы F тайпасында ойноп жатат. Эми 21-январда Сауд Арабиясы, 25-январда Оман менен беттешет.