Бишкекте дзюдо боюнча республика чемпионаты өтөт

Бишкекте дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында республика чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

 

Мелдеш “Газпром-балдарга ден соолукту” чыңдоо борборунда 27-28-январь күндөрү болот. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

 

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Кыз-келиндер арасында: 48, 52, 57, 63, 70, 78, +78 кг,

Эркектер арасында: 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100.