Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү марафон боюнча Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашкандай, чемпионат ушул тапта Кытайдын Гонконг шаарында өтүп жатат.

 

Кыргызстандын байге куржунунда бир күмүш жана бир коло медаль бар.

 

  • Кыз-келиндер арасында Гүлшанай Сатарова 2:36:32 секунд жыйынтык менен 2-орунду ээледи;
  • Илья Тяпкин 2:18:18 секунд жыйынтык менен 3-орунду багындырды.