Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши убактылуу токтотулду

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) издөө иштеринен натыйжа чыкпаганын белгиледи. Аталган мекеме издөө иштери 22-январь күнү саат 08:30да улантыларын кошумчалады.

Бүгүн 20-январь күнү жоголгон адамды издөөгө жалпы 250 адам тартылды. Курамында кинолог жана 6 дрон, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 100 кызматкери, ыктыярчылар бар.

Буга чейин аталган мекеме издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көзөмөлдөп жатканын билдирген. “12 каминов” эс алуучу борборунун аймагында министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун башчылыгында штаб түзүлгөн.

 

14-январда Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 28 жаштагы Мухамбеталы Маматалы уулу дайынсыз жоголгону кабарланып, издөө иштери башталган. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле анын тоо жакты көздөй бара жатканы Аламүдүн капчыгайындагы «Жаннат Резорт» мейманканасынын видео камерасына түшүп калган.

Анын жакындары буга чейин издөө иштери жай жүрүп жатканын билдирип, коомчулуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам сураган.