Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилет

Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилет. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта №55 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп баштайт. Ал Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик баатыр, Жибек Жолу, Айтматов көчөлөрүн камтыйт.

 

Каттамдын узундугу 24 чакырым, ал эми автобустар 10 мүнөттүк аралык менен жүрөт.