Былтыр 137 миңден ашуун кыргызстандык үйүн камсыздандырган

Былтыр 137 миңден ашуун кыргызстандык үйүн камсыздандырган. Бул тууралуу 24 агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 118 миңге жакын адам полис алган.

 

Белгиленгендей, өткөн жылы камсыздандыруу боюнча 151 учур катталып, 27 миллион сомдон ашык каражат төлөнгөн.

 

Эске салсак, “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам 2015-жылы кабыл алынган, бирок документти аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик жок. Айыл жергесинде полис жылына 600 сом, шаарда 1 миң 200 сомду түзөт.