Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун акыркы туруна каттоо жүрүүдө

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун акыркы туруна каттоо жүрүүдө.   Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.  Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 22-январда башталып, эртең, күндүзгү саат 2де  аяктайт.   Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январда жайгаштырылат. Алар окууга каалоосун 27-январда тастыкташы керек.

Алмата шаарында жер титирөөдөн 8 адам жабыркады

Алмата шаарында жер титирөөдөн 8 адам жабыркады.   Бул тууралуу ТАСС калаанын саламаттыкты сактоо башкармалыгына таянып билдирет. Маалыматка ылайык, жабыркагандар ооруканага жеткирилди.   Үч адам экинчи жана үчүнчү кабаттан секирип кеткен, калгандары силкинүү учурунда үйдөн чуркап чыгып атканда жараат алган. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү.… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги жарандарды жер титирөө боюнча тастыкталбаган маалыматты таркатуудан алыс болууга чакырат

Ички иштер министрлиги жарандарды жер титирөө боюнча тастыкталбаган маалыматты таркатуудан алыс болууга чакырат. Ведомстводон белгилешкендей, катуу жер титирөө кайталанат деп түндөн бери социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.   Мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүү керек, — дешти министрликтен.   Эске салсак, түндө… Кененирээк…

Сокулук районунда автоунаа чыгарган кыргыз-өзбек заводунун курулушу соңуна чыкканы калды

Сокулук районунда автоунаа чыгарган кыргыз-өзбек заводунун курулушу соңуна чыкканы калды.   Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, завод биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча алгачкы продукцияны чыгара алат.   Эске салсак, Кыргызстан менен Өзбекстан   2023-жылдын май айында Чүй облусунда автоунаа чогултуу жана өндүрүү… Кененирээк…

Кыргызстанда түндө жер титиреди

Кыргызстанда түндө жер титиреди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, очогунда магнитудасы 7 баллга жеткен зилзала түнкү саат 12ден  9 мүнөт өткөндө Кытайда катталган.   Катуу жер силкинүү Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунда сезилди. Ал эми Бишкекте магнитудасы 4-5 баллга жетти. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар… Кененирээк…