Бишкекте тоо лыжасы боюнча мелдеш өтөт

Бишкектин четиндеги «Политех» лыжа базасында тоо лыжасы — слалом-гигант боюнча мелдеш өтөт. «Лыжа жана сноуборд үйрөткүчтөр ассоциациясынын» маалыматына караганда, иш-чара 28-январда болот. Ага тоо лыжасы боюнча машыктыруучулар жана үйрөткүчтөр катышат.

 

Мелдеште лыжачылар өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүшөт.

«Жаш курактары боюнча эки топко бөлүнгөн оюнчулар татаал тилкелерде өздөрүнүн ылдамдыгын, чеберчилигин жана башка ыкмаларынын жогорку деңгээлин көрсөтүшөт. Жеңүүчүлөргө баалуу байгелер берилет», — деп билдирди ассоциация.