«Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы кадимки режимде иштеп жатат.
Жер титирөөдөн кийин адистер имараттарды, курулуштарды жана насостук станцияларды толук текшерүүдөн өткөрдү. Жабдуулар талаптагыдай иштеп жатат, жылуулук менен камсыздоодо мүчүлүштүктөр аныкталган жок, — деп айтылат маалыматта.