Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка айыпталгандар эми пробацияга чыгарылбайт

Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка айыпталгандар эми пробацияга чыгарылбайт. Президент «Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш былтыр декабрда кабыл алган.

 

Мыйзам жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанган кол салуулардан сактоо максатын көздөйт.