Жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо үчүн жарандык коргонуу комиссиясы түзүлдү

Кыргызстанда жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо үчүн жарандык коргонуу комиссиясы түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, комиссия силкинүү катталган аймактарда, анын ичинде жер титирөөнүн күчү жогору болгон Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунда жабыркаган имараттарды иликтеп жатат.   Иштин жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Өлкөнүн башкы магистралдарында унаа кыймылына чектөөлөр жок

Өлкөнүн башкы магистралдарында унаа кыймылына чектөөлөр жок. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, бардык ашууларда, тоолуу трассаларда жолчулар тынбай иштеп, кардан тазалоо жана инерттүү материал себүү иштерин жүргүзүүдө.   Тоолуу аймактарга сапарга чыга турган айдоочуларга этият болуп, жол эрежелерин так сактоо сунушталат.

Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жок

Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, оорукага, медициналык жардамга кайрылгандар катталган эмес.   Эске салсак, түнкү саат 12ден 9 мүнөт өткөндө жер титирөө Кыргызстан, Казакстан жана Кытайда сезилди. Зилзаланын очогу Кытай менен биздин өлкөнүн чек арасына жакын аймакта… Кененирээк…

Тармактык комитет «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери боюнча комитети 23-январдагы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда талкуулап, колдоду.   Жыйында маалым болгондой министрлер кабинети, президенттин администрациясы «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун колдойт. Жогорку Кеңеш былтыр 25-октябрда Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны азаюуда

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны азаюуда.   15-21-январь күндөрү өлкөнүн медициналык жайларына сасык тумоого чалдыгып 9 миң 295 адам кайрылды. Алардын 67 пайызы жаш балдар. Көрсөткүч мурдагы аптага салыштырмалуу 8 пайызга азайды. Департаменттин маалымдашынча, бардык саламаттык сактоо мекемемелеринде беткап жана карантин режими сакталууда. Кыргызстанда сасык… Кененирээк…

Норвегиялык форвард Эрлинг Холанд Globe Soccer версиясы боюнча өткөн жылдын мыкты оюнчусу деп аталды

Норвегиялык форвард Эрлинг Холанд Globe Soccer версиясы боюнча өткөн жылдын мыкты оюнчусу деп аталды.   Холанд “Манчестер Ситинин” курамында Премьер лиганы, Чемпиондор лигасын жана Англия кубогун утуп алган.   Ошондой эле, башка номинацияларда наамдар берилди. Хосеп Гвардиола – мыкты машыктыруучу, Эдерсон Мораес – мыкты голкипер.… Кененирээк…

Жер титирөөдөн улам жолго кулаган таштар тазаланды

Жер титирөөдөн улам жолго кулаган таштар тазаланды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун  410-чакырым аралыгында жер титирөөдөн улам тоо боорунан кулаган топурак, таштар тазаланды.   №957 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери унаа кыймылына тоскоолдук жараткан таштарды колдун күчү жана атайын техниканын жардамы менен алып,… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды түндө дүрбөлөңгө салган жер титирөөнүн очогу Кытайда болгон

Кыргызстандыктарды түндө дүрбөлөңгө салган жер титирөөнүн очогу Кытайда болгон. Кыргызстан жана Казакстан чек арасынан ал 264 чакырым алыстыкта жайгашкан. Зилзаланын очогундагы күчү 8 баллга жеткен.   Силкинүүлөр Кыргызстандын бардык аймактарында сезилди. Каракол шаарында, Кажы-Сай айылында 5 балл, Нарында – 4, Бишкекте – 3 балл болгонун… Кененирээк…

Исландияда йогурт өндүргөн компания өзгөчө акция жарыялады

Исландияда йогурт өндүргөн компания өзгөчө акция жарыялады. Бир ай бою телефон колдонбогон адамга компания 10 миң доллар берүүгө даяр.   Идея авторлорунун пикиринде бул демилге катышуучуларды санарип технологиялардан бир аз болсо дагы эс алып, убакытты туура өткөрүүгө үндөйт. 1 айга смартфондон баш тарткан 10 адамга… Кененирээк…

Баткен облусунда жаңы мектеп пайда болот

Баткен облусунда жаңы мектеп пайда болот. Объект Айкөл айылында жайгашат. Имарат 225 орунга чакталат. Долбоорду ишке ашырууга 70 миллион сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.   Билим берүү министрлигинен белгилешкендей, курулушка капсула салуу аземи өттү.