Чүйдүн Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөө уланууда

Чүйдүн Аламүдүн коктусунда бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө уланууда. Расмий маалыматка ылайык, издөө иштерине 22 техника, жети дрон жана 282 куткаруучу тартылды.

 

Эске салсак, 28 жаштагы Маматалы уулу Мухамедаалы 14-январда үйүнөн чыгып кеткен бойдон табыла элек.