Бүгүнтөн тарта Бишкектин Красный строитель конушунда 5 күн газ болбойт

Бишкектин Красный строитель конушунда 5 күн газ болбойт. “Бишкекгаз” кызматы кабарлагандай, көгүлтүр от бүгүнтөн тарта 2-февралга чейин өчүрүлөт.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

Быйыл Кыргызстан 3 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоону пландоодо

Быйыл Кыргызстан 3 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоону пландоодо. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымына караганда, учурда Түркмөнстан, Казакстан жана Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 36 бала бакча ачылды

“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 100 күндө үй тибиндеги 36 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Программа былтыр пилоттук негизде башталып, Бишкектин Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жаңы конуштарында ийгиликтүү ишке ашкан. Анын алкагында 800 адам окутулуп, анын 570и… Кененирээк…

Кыргызстанда мал уурдоо боюнча жаза күчөтүлдү

Кыргызстанда мал уурдоо боюнча жаза күчөтүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент кол койду.   Документке ылайык, олуттуу эмес өлчөмдө бирөөнүн малын уурдагандар 100 сааттан 180 саатка чейин коомдук иштерге же 2 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат, айып салынат же 6 айдан 2 жылга чейинки… Кененирээк…

Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтөт

Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтөт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, аталган базар эми мыйзам чегинде тартипке салынат.   Маалыматка ылайык, бул жерде жаз келери менен ири соода борборлору курулат.

Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн кайрадан иштетүүчү ишкана түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн кайрадан иштетүүчү ишкана түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов менен Organic Holding KG компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.   “Кыргызиндустрия” ААКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар Кыргызстанда органикалык тармакты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, анын адамдын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жаратылышка жана климатка таасири… Кененирээк…