Футзал боюнча кыз-келиндер курамасы CAFA мелдешине катышат

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы CAFA Women’s Futsal Championship 2024 мелдешине катышат. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынан билдиришти.   Турнир Тажикстандын Душанбе шаарында 2-12 февраль күндөрү өтөт. Ага ошондой эле Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан курамалары катышат.   Турнирге болгон даярдыктын алкагында учурда команданын… Кененирээк…

Орто-Сай базарынын жанындагы башаламан соода жоюлду

Бишкектеги Орто-Сай базарынын аймагында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, анын алкагында Юнусалиев көчөсүндөгү жайма базардын соодагерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле Сүйөркулов көчөсүндөгү 20дан ашык башаламан соода түйүндөрү иретке келтирилди.   Белгиленгендей, рейддик иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп турат.

Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнгөн имараты оңдолду

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Сузак айыл өкмөтүнүн күйүп кеткен имараты толугу менен кайрадан калыбына келтирилди. Жергиилктүү бийликтин маалыматына ылайык, имарат дээрлик үч жылдан киийн оңдолду.   Курулушка бюджеттен 14 млн сом бөлүнүп, заманбап имарат курулду. Айыл өкмөттө жарандар үчүн бирдиктүү терезе дагы ишке кирип,… Кененирээк…

Кыргызстанга Казакстандын тышкы иштер министри келди

Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.   Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келген министрди “Манас” эл аралык аэропортунда ТИМ башчысынын биринчи орун басары Асеин Исаев жана Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев тосуп алышты.… Кененирээк…

Бишкектин аялдамаларында QR-коддор пайда болду

Бишкектин аялдамаларында QR-коддор пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, андан керектүү автобус же троллейбус каякка бара жатканын жана күтүлгөн жерге канча убакытта жетээрин билүүгө болот.   QR-кодду смартфондун камерасы аркылуу же “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси менен сканерлесе болот.   Маалым болгондой, буга чейин аялдамаларда коомдук транспорттордун графиктери… Кененирээк…

Кыргызстандын бардык абоненттерине акылдуу эсептегичтер орнотулат

Бир жарым жылдын ичинде Кыргызстандын бардык абоненттерине акылдуу эсептегичтер орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, республикада миллиондон ашык керектөөчү бар. Алардын 300 миңи мындай аппараттар менен камсыздалган.   Акылдуу электр эсептегичтер аларды алыстан эле өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгер абонент карызын… Кененирээк…

Гигиенаны сактабаганы үчүн күйөөсү аялына 16,5 миң доллар төлөп берет

Түркияда сот эркекти гигиенаны сактабаганы үчүн аялына 16,5 миң доллар кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Haber порталы жазды.   Маалыматка ылайык, Анкаранын тургуну күйөөсү тиштерин жумасына бир-эки жолу гана тазалап, негизи эле гигиенаны сактабай турганына байланыштуу доо арыз менен сотко кайрылган. Натыйжада сот аялдын… Кененирээк…

Кыргызстандыктар мартта төрт күн эс алат

Кыргызстандыктар мартта төрт күн эс алат. Өкмөт жарлыгына ылайык, 21-марттан 24-мартка чейин өлкөдө эс алуу болот.   Эске салсак, жаздын келишин кабарлаган Нооруз майрамына байланыштуу 21-март календарда кызыл менен белгиленген. 22-марттагы жумуш күнү 8-апрелге жылдырылат.   Ал эми 23 жана 24ү дем алыш күндөргө туура… Кененирээк…

Кыргызстанда кылмыштуу топ менен күрөшүүдөн 120 млрд сомдой каражат топтолду

Кыргызстанда кылмыштуу топ менен күрөшүүдөн 120 млрд сомдой каражат топтолду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.   Бирок Ташиев бул каражат кайсы убакыт аралыгында, кандай жагдайда жана кимдерден топтолгонун ачыктаган жок.   Эске салсак, УКМК төрагасы буга чейин «мындан ары… Кененирээк…

Эртеңден тарта Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире көтөрүлөт

Эртеңден тарта Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире көтөрүлөт. Токтом долбоорун шаардык кеңеш кабыл алган.   Документке ылайык, коомдук транспорттун бардык түрүндө жол кире накталай  20 сом, накталай эмес 17 сом, ал эми мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин колдонуу менен убактылуу 11 сомду түзөт.