Дыйкан-фермерлер жеңилдетилген насыя алууга эртеңден тарта кайрылса болот. Айыл чарба министрлиги эскерткендей, “Айыл чарбасын каржылоо — 12” долбоорунун алкагында каражат февралдан тарта берилип баштайт.
Программаны ишке ашырууга эки коммерциялык банк катышып жатат. Жалпысынан 7 миллиард берүү каралууда.
Долбоордун алкагында жеңилдетилген кредиттер мал чарбачылык жана өсүмдүк өстүрүү категориялары боюнча берилет.