Бишкектин борбордук бөлүгүндө май куюу станцияларынын курулушуна жер тилкесин берүүгө киргизилген мораторийди узартуу сунушталды. Токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна чыгарылды.
Документте жазылгандай, мораторий 2013-жылы киргизилген. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана транспорттук тыгындарды алдын алуу максатында аны 2033-жылга чейин узартуу каралууда.