Талас шаарындагы бардык абоненттерге акылдуу эсептегичтер орнотулат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда 6 миң аппаратты орнотуу иштери жүрүп жатат.
Бул иштер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатат, — деп айтылат маалыматта.