Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош, Талас – Тараз – Суусамыр жана Бишкек – Нарын – Торугарт трассаларында учурда жолчулар иштеп, кардан тазалап жатат.   Инерттүү материал улам себилүүдө. Авариялык абалдарды алдын алуу үчүн айдоочуларга этият болуп,… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдүн импорту 2,5 эсе көбөйдү

Кыргызстанда көмүрдүн импорту 2,5 эсе көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Былтыркы жылдын январынан октябрь айына чейин өлкөгө 981 миң тонна көмүр жеткирилген.   Кара отундун дээрлик бардык көлөмү Казакстандан алынган, 11 тоннасы Россияга туура келет. Ал эми 2022-жылдын 10 айында республика 404 миң… Кененирээк…

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 12 долбоорду ишке ашырууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 12 долбоорду ишке ашырууда. Ведомство жетекчисинин орун басары Жибек Абдуллаеванын айтымында, программалардын жалпы баасы 2 миллиард сомдон ашат.   Долбоорлордун арасында Чүй облусунда соода-логистикалык борбордун, Бишкектеги көп функционалдуу комплекстердин, күн станциялардын, кичи ГЭСтердин жана логистикалык парктын курулушу бар.

“Ала-Тоо” аянтына кайра парламент кабыл алган туу илинди

8-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко илинген желек кайра алмаштырылып, ордуна Жогорку Кеңеш кабыл алган туу илинди. Борбордук аянттагы желек алмаштырылары тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес.   Аянттагы тууну алмаштыруу иш-чарасы саат тогузда болгон. Ага Министрлер кабинетинин төрасы Акылбек Жапаров жана башка өкмөт мүчөлөрү катышканы… Кененирээк…

Венеция бийлиги туристтердин санын азайтуу чечимин кабыл алды

Венеция бийлиги туристтердин санын азайтуу чечимин кабыл алды. Жайдан тарта шаарга гиддин коштоосу менен 25 адамдан турган топтор гана киргизилет.   Мындай чектөөлөр калаанын тарыхый бөлүгүн коргоого багытталат. Мамлекеттик кеңеш бул демилгени жактырса, чечим дароо күчүнө кирет.

Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында кичи футбол аянтчасы ачылды

Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында кичи футбол аянтчасы ачылды.   Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, спорт аянтчасынын курулушуна 11 миллион 300 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Калкты тейлөө борборлору, паспорт столдору жана Унаа тейлөө борборлору кадимки режимде иштеп баштады

Калкты тейлөө борборлору, паспорт столдору жана Унаа тейлөө борборлору кадимки режимде иштеп баштады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон эске салышкандай, Бишкек жана Оштогу борборлордо кызмат алуу үчүн электрондук кезекке турса болот, бул үчүн Early One тиркемеси жеткиликтүү.   Ошондой эле, Түндүк порталында… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-январдан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмү 100 пайызга жогорулады

Кыргызстанда 1-январдан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмү 100 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.   Андан такташкандай, буга чейин иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособие 3 миң 600 сомду түзсө, эми 7 миң 500… Кененирээк…

Кыргызстан өтүп кеткен жылы 2,5 миллиард киловатт-саттан ашык электр энергиясын импорттоду

Кыргызстан өтүп кеткен жылы 2,5 миллиард киловатт-саттан ашык электр энергиясын импорттоду. Бул маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына жайгаштырылды.   Импорттун жалпы баасы 80 миллион долларга барабар. Кубаттуулуктун басымдуу бөлүгү Түркмөнстандан келген – 1 миллиард 602 миллион киловатт саат, андан кийин Казакстан, Россия жана Өзбекстан турат.… Кененирээк…

АКШда өспүрүм “Тетрис” оюнун толугу менен өткөн биринчи адам болуп калды

АКШда өспүрүм “Тетрис” оюнун толугу менен өткөн биринчи адам болуп калды. 13 жаштагы Уиллис Гибсон оюн приставкасында акыркы, 157-деңгээлге жеткенден кийин, оюн программалык чектөөлөрдүн айынан иштебей калды.   Буга чейин мындай деңгээлге  жасалма интеллект гана жеткен. Эске салсак, “Тетрис” оюну 40 жыл мурда пайда болуп,… Кененирээк…