Бишкекте жаңы аялдамалардын болжолдуу долбоору бекиди

Ордо калаада жаңы аялдамалардын болжолдуу долбоору бекиди. “Бишкек башкы архитектура” ишканасынан билдиришкендей, аялдамалар кышкысын жылытуу, жайкысын муздатуу системасы менен жабдылат.

 

Ошондой эле коомдук транспорт каттамдары көрсөтүлгөн стенд болот.

 

Мындан тышкары, ар бир адам Wi-Fiга туташууга мүмкүнчүлүк алат. Маалым болгондой, жаңы аялдамаларды негизги көчөлөргө жана проспекттерге орнотуу пландалууда.