Быйыл 34 кесиптик билим берүү мекемеси компьютерлер менен камсыздалат

Быйыл 34 башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемеси компьютерлер менен камсыздалат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 20 мекемеде компьютердик класстар жана конференц-залдар ачылып, 7 кесиптик лицейге жаңы компьютерлер берилип, 8 педагогикалык билим борборуна окуучуларга практикалык сабак өтүү үчүн 3D принтер тапшырылат.   Аппараттардын жалпы баасы… Кененирээк…

Кыргызстан дүйнөдөгү эң көп жер титирөө болгон беш өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан дүйнөдөгү эң көп жер титирөө болгон беш өлкөнүн катарына кирди. Акыркы бир жылда өлкөдө күчү төрт баллдан ашкан 143 жер титирөө катталган.   Мындай рейтинг АКШнын Геологиялык кызматынын, ошондой эле Евро-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматтарына негизделген.   Серепчилердин айтымында, акыркы бир жылда эң… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери жакында аныкталат

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен аныкталат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.   Анын айтымында, мындан ары да ушундай жагдайды болтурбоо боюнча чаралар сунушталат. Тактап айтканда, жылуулук электр борборунун негизги жабдууларын оңдоо жана калыбына келтирүү жана… Кененирээк…

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жаан-чачынга байланыштуу 7-9-февраль күндөрү Бишкек — Ош, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная-Горка — Акташ жолдорунда кар көчкү түшүп жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.  … Кененирээк…

2024-жылга “Санариптик экономикага” 600 млн сом каралды

2024-жылга Кыргызстанды санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн “Санариптик экономикага” 600 млн сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.   Ал эми 2023-жылы “Санариптик экономикага” Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 500 млн сом суммасында каражат каралган. Финансы министрлигинин кабыл алынган… Кененирээк…

Мугалимдер үчүн программалоо тили боюнча акысыз курс уюштурулат

Бүгүн, 7-февралдан тарта мугалимдерди «Python тилинде программалоо» онлайн-курсуна кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Каалоочулардын өтүнмөлөрү 31-мартка чейин кабыл алынат. Анүчүн forms.yandex.ru сайтына катталып, анкета толтуруу керек. Тандалып алынгандарга окутуу 1-1,5 ай жүргүзүлөт.   Белгилүү болгондой, онлайн… Кененирээк…

Жогорку Кеңеште Элдар Абакиров ант берди

Жогорку Кеңешке «Альянс» партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров парламенттин 7-февралдагы жыйынында ант берип, депутаттык ишине киришти.   Борбордук шайлоо комиссиясы 2-февралда «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыраткан. Ошол эле күнү Элдар Абакиров менен Айсулуу Мамашовага мандат берилген.… Кененирээк…

Америкалык психологдор бактылуу болуунун сырларын айтты

Америкалык психологдор бактылуу болуунун сырларын айтты. Эксперттердин пикиринде, бул үчүн бардык социалдык тармактардагы аккаунттарды өчүрүү керек. Бул жакындар, достор менен өткөн убакытты көбөйтүп, саясатка кызыгууну азайтат.   Башкысы жашоонун субъективдүү сапаты жакшырат, башкача айтканда – адамдар коркуу, депрессия сезимдерине аз кабылып, өздөрүн эркин сезип баштайт.… Кененирээк…

Өлкөнүн ашууларында унаа кыймылына чектөөлөр жок

Өлкөнүн ашууларында унаа кыймылына чектөөлөр жок. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кооптуу тилкелерде нөөмөт уюштурулуп, жолчулар тарабынан кар тазалоо, инерттүү материал себүү иштери жүрүп жатат.   Тоолуу райондор аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга этият болуп, жол эрежесин жана коопсуз аралыкты сактоо сунушталат.

Бишкекте бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди

Бишкекте бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынын директору Уран Райымбеков билдирди.   Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдөн тышкары, жылуулук 63 медициналык жайга, төрөт үйлөрүнө, 84 бала бакча, 54 мектеп жана башка социалдык объектилерге берилди.   Эске салсак, 2-январга… Кененирээк…