Баткенде 30 аял грант алып, ишкердик баштады

Баткендин Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аялдар тигүүчүлүк, малина өстүрүү, азык-түлүк дүкөнүн иштетүү, кондитердик азыктарды даярдоо, сүт азыктарын сатуу багытында бизнес менен алектенип жатышат.

 

Бул үчүн аларга “Аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында 2 млн 610 миң сомдук грант берилген.