Иорданиянын футбол боюнча курамасы сенсация жаратып Азия кубогунун финалына чыкты

Иорданиянын футбол боюнча курамасы сенсация жаратып Азия кубогунун финалына чыкты. Жарым финалда команда Түштүк Корея курамасын 2:0 эсеби менен утуп алды.   Муну менен Иордания турнирдин фаворитин гана жеңбестен, азия биринчилигинде алгачкы жолу мындай жогорку жыйынтыкка ээ болууда. Иорданиялыктардын атаандашы Катар – Иран беттешинде аныкталат.… Кененирээк…

Учурда Бишкекте коомдук муниципалдык транспортто 30 контролер иш алып барууда

Учурда Бишкекте коомдук муниципалдык транспортто 30 контролер иш алып барууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, контролерлор күн сайын каттамдарды көзөмөлгө алып, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен кызматташып, коомдук тартипти жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун, ошондой эле транспортто эрежелердин жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылууда.   Бүгүнкү күндө контролерлер тарабынан 100дөн ашуун… Кененирээк…

Өлкөдө жаңы мамлекеттик мекеме түзүлдү

Өлкөдө жаңы мамлекеттик мекеме түзүлдү. Билим берүү министрлиги алдында “Санарип билим берүү борбору” пайда болду.   Анда аттестаттар дын жана дипломдордун базасы жайгаштырылып, акселератор, мугалимдерди баалоо, электрондук тарификация жана башка маалыматтык системалар иштелип чыгат.

Жалал-Абад облусунда 14 миңге жакын “акылдуу” эсептегич орнотулат

Жалал-Абад облусунда 14 миңге жакын “акылдуу” эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, аталган аймакта шаймандарды орнотуу май айына чейин аяктайт.   “Акылдуу” эсептегич калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо менен бирге керектөөчүлөр үчүн да бир топ ыңгайлуулук жаратат. Алсак, ашыкча электр жабдууларын… Кененирээк…

Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартуу пландалып жатат

Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартуу пландалып жатат.   Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармагынын” башчысы Уран Райымбеков билдирди. Анын айтымында, тармактагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу бир топ убакытты талап кылат.   Быйыл 20-апрелден тарта сууну өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүү каралууда. Өчүрүү мөөнөтү 30-40 күнгө… Кененирээк…

Эмгек министрлиги жаштардын иш табуусуна кам көрөт

Ишсиз жүргөн 18ден 35ке чейинки курактагы жаштар стажировкадан өтүп, жумушка орношо алышат. Тажрыйба топтоо мөөнөтүнө акы төлөнөт. Маяна жашоо минимумунун деңгээлинде, болжол менен 7,7 миң сом деп эсептелди. Бул жаатта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова маалымат берди.… Кененирээк…