Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчилль кийген протез аукциондо 23 миң долларга сатылды. Анын жасалма тиштери баштапкы баадан эки эсе кымбатка түштү.
Бул протезди Черчилль 1940-жылдын 4-июнунда «Биз пляждарда күрөшөбүз» деп сүйлөп жатканда кийген. Бул Черчиллдин өлкө Экинчи дүйнөлүк согушка кошулгандан берки Британ парламентиндеги экинчи сөзү болчу.