Жумушсуз жаштарды ишке орноштуруунун жаңы механизми иштелип чыгат

Эмгек министрлиги жумушсуз жаштарды ишке орноштуруунун жаңы механизмин киргизет. Кеп стажировка жөнүндө болуп жатат, анын жүрүшүндө жашоо минимумунун өлчөмүндө эмгек акы берилет.

 

Практика профессионалдык билимди жана көндүмдөрдү иш жүзүндө бекемдөөгө жана алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө мүмкүндүк берет.

 

Мындан тышкары, зарыл болгон учурда жаштар эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча кыска мөөнөттүү окуудан өтө алышат. Программа 3 миңге жакын жаранды камтый алат.