ЖЭБди калыбына келтирүү үчүн 700дөн ашык кызматкер иштеп жатат

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 700дөн ашык кызматкери менен 26 техника тартылды.

 

Маалыматка ылайык, ЖЭБдин имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат. Учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда.

 

ӨКМден кошумчалашкандай, жеринде жылынуу пункту катары төрт чатыр тигилген.