Аксы окуясында жабыркагандарга  социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү

Аксы окуясында жабыркагандарга  социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жөлөкпулдун өлчөмү 3 миң 700 сомдон 4 миң 500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт.