Кыргызстанда акыркы жумада 422 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 5-февралдан тартып 11-февралга чейин 23 миң 413 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган — 345 айдоочу;
— мас абалында унаа башкарган — 422 айдоочу;
— терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 47 айдоочу;
— жөө жүргүнчүлөрдүн эреже бузгандары — 1526;
— транспорт каражаттарынын эксплаутациялоо эрежелерин бузуу — 3 352 айдоочу;
— автоээнбаштык жасаган — 3 айдоочу;
— ылдамдыкты ашырып айдаган — 4 025 айдоочу;
— жалган мамлекеттик номур менен унаа башкарган — 8 айдоочу;
— ар кандай жол эрежелерин бузган — 13 миң 685 айдоочу;

Ошондой эле жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 913 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максактында өлкө аймагынды “Бахус” аталышында рейд өтүп жаткандыгын эскертип, айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.