Бишкекте “акылдуу” светофорлор долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга каражатты фонддордун бири бөлүп берет. Мэриядан билдиришкендей, донор 380 миллион сомдук арызды карап жатат.
Долбоордун биринчи этабынын алкагында “акылдуу” жол чырактар Токомбаев – Байтик Баатыр көчөлөр кесилишинде орнотулган. Анда шаар бюджетинен 128 миллион сом бөлүнгөн.