Бишкекте кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал студенттер бейтапканасынын базасында жайгашкан. Дарыканада 1 миң 500дөй дары-дармек бар.
Калкка алар 10-15 пайызга арзаныраак баада жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, ушуну менен республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын саны 66га жетти.