Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын кесепетин жоюуга Кытай 100 миң доллар бөлүп берет

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын кесепетин жоюуга Кытай 100 миң доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

 

Гуманитардык каржылык колдоо тууралуу макулдашуу бүгүн  аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин жолугушуусунда жетишилди.

 

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.