Бакыт Чомоев «Кыргызавтожол» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

Бакыт Чомоев «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Жаңы башкы директорду транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев ишкананын жамаатына тааныштырды. Белгилей кетсек,… Кененирээк…

Кыргызстанда былтыр орточо айлык акы 33 миң 258 сомду түздү

Кыргызстанда 2023-жылы орточо айлык акы 33 миң 258 сомду түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.   Анын айтымында, айлык акынын көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 2,3%га өскөн.   “Эң олуттуу өсүш мамлекеттик башкаруу, коргонуу, социалдык камсыздоо, суу менен камсыз… Кененирээк…

Садыр Жапаров иш сапары менен БАЭге жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.   Сапардын алкагында Жапаров Дубайда өтө турган Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат.   Мындан тышкары, президент Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар… Кененирээк…

Айдоочуларга сак болуу сунушталат

Аба ырайынын начарлаганына байланыштуу айдоочуларга сак болуу сунушталат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, айрыкча тоолуу аймактардагы трассаларда туман түшүп, айрым жерлерде көрүү бир кыйла начарлады.   Автоунаа ээлери зарыл болбосо узак сапарга чыкпай туруусу зарыл.

Кыргызстан Кореядан 27 млн доллар насыя алат

Кыргызстан Кореядан 27 млн доллар насыя алат. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, каражат саламаттык сактоо тармагына жумшалат. Тагыраагы, Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын функционалдык абалы жакшыртылат.   Кредит 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 40 жылга алынат.

Түркиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келет

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 2024-жылы Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келери пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.   Бирок Орунбеков Түркиянын лидери кайсы айда келерин тактаган жок.

Бишкекте 1-класстын окуучулары каникулга чыгышты

Бишкекте 1-класстын окуучулары бүгүнтөн тарта эс алууга чыгышты. Мэриядан такташкандай, 18-февралга чейин мектеп окуучуларына кошумча каникул берилди.   Окуу процесси 19-февралдан тарта уланат.   Белгилеп кетсек, Кыргызстанда кошумча эс алуу 1-класстын окуучуларына гана берилет.

«Тазалык» ишканасынын атайын техникалары аукциондо сатылат

Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын техникаларын сатуу боюнча аукцион өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 20-февралда болот. Катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар бул техниканы сатып алуу үчүн 16-февралга чейин Чокморов, 246 дарегине арызын калтыруусу зарыл. Ачык аукцион 20-февралда саат 14:00дө өтөт. Арыздар 2024-жылдын 16-февралына чейин төмөнкү… Кененирээк…

Абдулазиз кары Закиров Кыргызстандын муфтийи болду

Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан муфтийи болуп шайланды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.   Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Кыргыз, араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы. Билими: 1993-1998-жылдары Түркиянын Стамбул шаарындагы хафыздык Куран… Кененирээк…

Президент Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен 12-13-февралда Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышуу үчүн Дубай шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   «Быйылкы Саммит өкмөттүн ишин өзгөртүү,… Кененирээк…