Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт

Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт. Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңгакты экспорттоо боюнча келишимге Анкара шаарында өткөн 11-өкмөттөр аралык кыргыз-түрк соода-экономикалык жыйынынын алкагында кол коюлду.

 

Келишимге ылайык, жаңгактын биринчи партиясы Түркияга 15-февралдан тарта экспорттолот.

 

Отурумдун жыйынтыгы боюнча эл аралык унаа жолдору боюнча макулдашууга жана экспорт тармагында меморандумга кол коюлган.