Бакыт Чомоев «Кыргызавтожол» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

Бакыт Чомоев «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Жаңы башкы директорду транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев ишкананын жамаатына тааныштырды.

Белгилей кетсек, Бакыт Чомоев буга чейин аталган «Кыргызавтожол» ишканасында директордун орун басары болуп эмгектенген.